Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 13:16

Киев менен Москва газдын баасы боюнча жаңы келишимге жетишишти


Киев менен Москва газдын баасы боюнча жаңы келишимге жетишишти
Ага ылайык, Украинага орус газын базар баалары боюнча сатып алуу үчүн 3 жылдык мөөнөт берилет. Бул тууралуу Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошенко Москвада орус премьери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Ушу тапта Киев табигый газдын 1 миң куб метри үчүн 179,5 доллар төлөйт. Россия көптөн бери газдын баасын көтөрүү аракетин көрүп келатат. Жолугушууда Путин «Украина грузин-орус согуш маалында Грузияны курал-жарак жана аскерлер менен камсыздаган болушу мүмкүн» деген кабарларга байланыштуу Киевди сындады. Мындай маалыматтар тастыкталса, ал олуттуу кылмыш болуп саналат, - деди Путин.
XS
SM
MD
LG