Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 04:55

17:45 Жалал-Абат облустук чукул кырдаалдар башкармасы жаңы имараттуу болду


Имараттын тасмасын кесер алдында тармактын министри Камчыбек Ташиев сүйлөдү. Ал тармактын ишмердүүлүгү менен кадр саясатына президенттин, же анын жакындарынын кийлигишпегендигин билдирди. Анын айтымында өлкө башчысы бекем тартип менен коррупцияга каршы күрөшүүнү талап кылууда. 17 жылда тармакка бир да өрт өчүргүч автоунаа берилген эмес. Быйыл жыл акырына дейре андай 75 даана автоунаа келгени турат. Имарат саналуу айда курулуп бүттү, Башкармалыкта табият кырсыгы болоор замат дароо жардам көрсөтүүгө зарыл шарттар бар. Эмки жылы ушундай кеңсе Талас, кийин башка облустарга да курулат. (YA)

XS
SM
MD
LG