Алгачкылардан болуп медицина тармагындагы ачылыштары үчүн сыйлыкка татыган окумуштуулар белгилүү болду. Харалд цюр Хаузен жатындын рак дартын пайда кылган вирусту, ал эми франциялык Франсуаз Барр-Синусси жана Люк Монтанье СПИД оорусуна алып келген вирусту аныкташкан. 10-октябрда болсо тынчтык сыйлыгы ыйгарылчу адамдын же уюмдун ысымы жарыяланмакчы.