Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Ооган согушкерлери менен ыктымал кызматташуу өлкөнүн келечеги үчүн чечүүчү мааниге ээ


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Роберт Гейтс билдирди. Анын айтымында, Ооганстандын өкмөтү менен иштешүүгө дилгир согушкерлер, өлкөдөгү болочок жараяндарга тартылуусу керек. Ал эми иштешүүнү көздөбөгөндөрүнө аскерий чара көрүлүүсү абзел. Кошмо Штаттардын коргоо министри мындай комментарийди ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү өткөн айда Сауд Аравияда Талибандын өкүлдөрү менен жолукканы тууралуу маалыматтар тараган соң жасады. Мындай кабарды кечээ Талибандын мурдагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Абдул Салем Заиф билдирген. АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс азыр иш сапары менен Европага келе жатат. Оболу Македонияга токтомокчу.

XS
SM
MD
LG