Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 08:35

16:30 Нарында алты талапкер шайлоодогу мыйзам бузуулар жөнүндө прокурорго арыз жолдошту


«Нарын шаарындагы № 4077-жана №4078- шайлоо участкаларда шайлоо бурмалоо жолу менен өттү. Учеттору жок адамдардын негизги жана кошумча тизмеге киргизилгендиги боюнча акт түзүлдү. №4078-участкада 51 бюллетень комиссия мүчөлөрү тарабынан ыргытылгандыгы кармалды. Ошондуктан №7-округдагы шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнөбүз",-деп айтылат арызда. Мындан сырткары Нарын шаарынын №1-«Чыгыш» шайлоо округунан талапкер Туратбек Аракеев округдагы бюллетендерди кайра саноо боюнча шаардык округдук шайлоо комиссиясына арыз бергендиги белгилүү болду. (KUs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG