Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 06:58

18:40 Жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Чүй облусу да колдон келген жардамын көрсөтөт


Бул туурасында облустук администрациянын аппарат жетекчиси Канатбек Сагынов «Азаттыкка» бүгүн маалымдады. Анын айтымына караганда учурда Чүйдүн ар бир район жетекчилерине тапшырма берилди. Эки күн аралыгында ар ким колунан келген акчалай жана материалдык жардамын көрсөтөт. Андан сырткары Чүйдөгү ар бир кызматкердин бир күндүк айлык маянасы которулат. Ал эми кечээ Токмоктогу «Интергласс» айнек заводунун жетекчилиги 1 млн сомго өлчөнгөн айнекти жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам ирээтинде бере тургандыгын маалымдаган. (JJ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG