Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

17:32 Нарындагы №7 шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча алты талапкердин арызын сот карай баштады


Бүгүн Нарын шаардык соту Нарын шаарынын №7- Университет шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча алты талапкердин доо арызын карай баштады. Судья Жапар Эрматов талапкерлерден жана Нарын шаардык округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдылда Ыбраев менен №4077-шайлоо участкасынын төрагасы Кубан Дүйшекеевден көрсөтмөлөрдү укту. Бирок участкаларда байкоочулук кылышып, мыйзам бузуучулук боюнча актыларды түзгөн талапкерлердин жана коомдук уюмдардын байкоочулары соттук жараянга чакырылбагандыктан улам көрсөтмө беришкен эмес. Судья болсо 13-октябрга чейин соттук отурумга тыныгуу жарыялады. Мындай маалыматты «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Нарын аймактык өкүлчүлүгүнүн деректири Эркин Асаналиев «Азаттыкка» билдирди. 5-октябрь күнү №7-Университет шайлоо округундагы №4078 шайлоо участкада комиссия мүчөлөрү 51 бюллетенди кошуп жиберишти деп байкоочулар акт түзүшкөн. (KUs)

XS
SM
MD
LG