Каржылык колдоо көрсөтүү максатын көздөгөн Эл аралык конференцияга 70 чамалаш мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан каржы мекемелери чакырылды. Грузияга августта аскерий күчтөрүн киргизген Орусия бул жыйынга чакырылган жок. БУУнун жана Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча орус-грузин согушунан кийинки Грузияны калыбына келтирүү үчүн келерки үч жылда 3,25 миллиард доллар талап кылынат.