Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Британиялыктар атылган октон да бат жүрөбүз дейт


Жер үстүндөгү ылдамдык рекордун алган британдык топ саатына 1600 чакырым ылдамдыкта жүргөн унааны кийинки үч жыл аралыгында чыгараарын кечээ билдиришти. Демилгенин жетекчиси Ричард Нобел мындай машиненин узундугу 13 метр, ал эми туурасы 6 метр болоорун айтып, кыймылдаткычы реактивдүү учак моторунан жана ракетадан кураларын кошумчалады. Нобелдин тобу буга чейин 1997-жылы 1 228 км/саат жүргөн машине жасашып, үн ылдамдыгынан бат ылдамдык рекордун коюшкан. Нобелдин айтымында жаңы унаа октон да тез болот жана бир секунда төрт футбол аянтчасын басып өтүүгө жетишет.

XS
SM
MD
LG