Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Космостук "Союз" кемелерин курууга каражат тартыш


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Казакстандын Аркалык шаарынын түндүк тарабына 24-октябрда «Союз» космостук кемеси эл аралык станциянын 17-экспедициясын алып келип, жерге конду. Учууну башкаруучу борбор маалымдашынча алардын жерге конуусу демейдегидей болгон. Ал аппарат менен орбитада жарым жылдан ашуун болушкан орусиялык космонавтар Сергей Волков жана Олег Кононенко кайтып келишти.

Жерге алар менен кошо 14-октябрдан бери космостук эл аралык станцияда болгон – жалпы эсеби боюнча ала келгенде алтынчы турист - америкалык миллионер Ричард Гэрриот да түштү. Аны атасы Оуэн Гэрриот - АКШнын астронавты тосуп алган.

Бул жолу космоско учкан 17-экспедициянын ишкердиги жигердүү болгон. Станция бул жолу америкалык өзү учуп чыгып жерге кончу «Дискавер», анын артынан орусиялык жүк ташуучу эки «Прогресс» кемелерин жана европалык «Жюль Верн» кемесин кабылдаган. Астронавтар менен космонавтар станциянын тышына чыгып курулуш иштеринде иштешкен.

Бешинчи күнү болсо дал, ошол 17-экипаж орбитадан кайтып келген күнү, «Энергия» ракеталык–космостук корпорациянын президенти жана башкы конструктору Виталий Лопота каражат тартыш болгонго байланыштуу «Союз» космостук кеменин кезектеги даанасы курулбай токтоп калды деген:

«Чукулку эки экспедиция үчүн кеме курууга каражатыбыз бар. Бирок андан аркы экспедицияларга курулчу кемелерди кантебиз билбейм. Эки-үч аптанын ичинде бүкүлү акча же карыз акча берилбесе – биз «Союздарды» куруу жоопкерчилигин моюнубузга ала албайбыз».

Ар кайсы булактардан дайын болгондой, «Союз» кемелерин курууга кетчү чыгымдын үчтөн экисин банктар карыз түрүндө бөлсүн беренеси менен бүйжетке кириптир. Бирок банктар кризис туткунуна кириптер болушканы алардан ал насыяны өндүрүү такыр мүмкүн болбой калган.

Ырас, бир нече күн мурда Путин космосту өздөштүрүү үчүн Орусиянын өкүмөтү 200 миллиард рубль бөлүп берет деп убада кылган. Бирок көптөгөн экономикалык эксперттер, анча каражат да «Энергия» корпорациясынын ишин оңоп ийбейт дешет.

Ал эми «Союз» кемелери болбосо, космоско учуу мүмкүн болбой каларын кайсы бир анализчилер айтышат. Азыркы тушта орусиялык «Союз» менен америкалык астронавтардын космостук эл аралык станцияга жеткирилиши эле 100 миллиард доллар турат дешет.

Баса, саякаттап учуу да кийинки учурда кымбаттаган. Маселен, 17-экспедиция менен кошо космоско учкан Ричард Герриод 30 миллион доллар акы төлөгөн. Бирок миллионер, ааламга саякатынын ошончолугу болгонун белгилейт:
"Бул, албетте, болуп көрбөгөндөй тажрыйба. «Союз» менен учуу эң сонун болду. Кандай мыкты кеме. Айрыкча космостук эл аралык станция эсте каларлык. Үйгө карай сапар алуу - баары мурда кандай айтылса ошондой болду."/i>

Роскосмос агенттигинин жетекчиси Анатолий Перминов каражат тартыш болгонго карабай Орусия экипаждарды мындан ары да космостук эл аралык станцияга жеткирип туруу үчүн кепилдик алат. Он беш жылдык космостук өнөктөштүктөн соң Грузиялык кагылыш Москва менен Вашингтондун келечегине кара так салды. МКС долбоорунда Орусия менен АКШнын кызматташуусу эл аралык саясий жагдайга карап, маселен, Түштүк Осетия менен Абхазия тегерегиндеги жагдайга карап өнүгөт шекилдүү.

Бирок Орусия буга дейре берип келген убадасын толук аткарат, - деген Роскосмос жетекчиси.
Белгилүү болгондой америкалык астронавтардын 2010- жылдан 2015-жылга дейре космостук эл аралык станцияга учушу орусиялык «Союз» кемеси менен болот. Эмне дегенде эки жылдан соң космостук мейкиндикти изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук агенттиги (NASA) "Шаттл" кемелерин пайдалануудан алып таштап атат. Анын жаңы мууну беш жыл арасында гана курулуп болот экен. Ошол себептен орусиялык кеме менен учуп турууга туура келет.
XS
SM
MD
LG