Беларустун Борбордук банкынын төрага орун басары Василий Матушевскинин айтымында, өлкө насыяга шашылыш түрдө муктаж эмес. Глобалдуу кризистин шартында андай акча резерв катары сакталып турмакчы. Буга чейин Минск Россиядан 2 миллиард доллар сурап кайрылган эле, бирок Москва убадасын бышыктай элек.