Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Обаманын жеңиши расалык, улут аралык мамилелерге чоң таасирин тийгизет


Мындай пикирин "Азаттыкка “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Саясатчынын айтымында, Барак Обаманын президент болуп шайланышы бир нече жагдай менен маанилүү. "Биринчиден, карапайым үй-бүлөдөн чыккан Обама улуу державаны башкара турган деңгээлге жетти жана бул саясатчы демократиялык режимдин артыкчылыгын көрсөтөт. Экинчиден, улуттук азчылыкты, АКШнын 12 пайызын түзгөн кара түстөгү америкалыктардан талапкердин марага чыгышы расалык ажырымдын, теңсиздиктин жок болуп жатышынын далили”,- дейт саясатчы. Ө.Текебаев ошондой эле мындан 30 жыл мурун кара түстөгү америкалыктардын лидери Мартин Лютер Кинг автобуста кара жана ак америкалыктар бир отурса деп кыялданганын, бирок 30 жылдан кийин кара түстөгү адам Американы башкарып калат деп М.Л.Кингдин түшүнө да кирбесе керектигин белгиледи. Ошондой эле Ө. Текебаев АКШнын тышкы саясаты боюнча пикирин айтып, “Ак мышыкпы, кара мышыкпы чычкан кармаса болду дегендей, ким гана президент болбосун алар АКШнын кызыкчылыгын көздөп гана иш кылышат”,- дейт. (MSu)

XS
SM
MD
LG