Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгү боюнча семинар болот


«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын иш-аракеттеринин уюштуруучулук негиздери» деген темадагы эки күндүк семинар Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү Кеңештердин жаңыдан шайланган төрагаларын мамлекеттик жаңы экономикалык жана социалдык саясаты менен аймактарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү кеңештердин милдеттери тууралуу маалымдоо максатында өткөрүлмөкчү. Иш-чара Тарых музейинин имаратында 12-13-ноябрь күндөрү болот. Семинарда өлкөнүн түндүк аймагындагы 234 райондук, шаардык жана айылдык Кеңештердин төрагалары катышышы күтүлүүдө. Ушундай эле иш-чара 10-11-ноябрь күндөрү өлкөнүн түштүк аймактарынын жергиликтүү Кеңештеринин жаңы шайланган төрагалары үчүн өткөрүлдү. «Децентралдаштыруу жана өз алдынча башкаруу» долбоору АКШнын эларалык өнүктүрүү агенттиги USAID тарабынан каржыланып, Урбан Институттун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылат. (AzK)

XS
SM
MD
LG