Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

”Жыйырманын” тобу ишембиде жыйынга чогулат


Ушул аптанын этегинде – 15-ноябрда Вашингтондо дүйнөдөгү жыйырма өлкөнүн лидерлери атайын жыйынга чогулат. Жолугушууда азыркы финансылык кризис жана андан чыгуунун жолдору талкууланат.

“Жыйырманын” тобу 1999-жылы түзүлгөн. Ага өнүккөн жети өлкө - АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Япония менен бирге Индия, Кытай, Бразилия, Россия кирген. Булардан тышкары Америкадан – Аргентина, Мексика, Азиядан – Индонезия, Түштүк Корея, Түркия, Сауд Арабия, ошондой эле Австралия, Түштүк Африка республикасы бар. Топко Испания талапкер-мүчө аталып жүрөт жана саммитке ал да катышат.

Вашингтондогу жыйынга “жыйырманын” тобуна кирген өлкөлөр өздөрүнүн “үйдө даярдаган” идеялары, сунуштары, долбоорлору менен барышат. Бирок баары тең бир максатты –дүйнөлүк финансы системасын радикалдуу түрдө реформалап чыгууну көздөшөт.

Британ премьер-министри Гордон Браун эл аралык азыркы экономикалык түзүлүштү кыйла күчтүү, коопсуз жана адилет кылып өзгөртүүнү жактайт жана бул процессти Улуубритания менен АКШнын, кеңири мааниде алганда Европа менен Американын ортосундагы альянс жетектеши керек деп эсептейт.

Франциянын президенти Николя Саркози дүйнөлүк жаңы тартиптин кепилдигин финансылык бардык уюмдарга, рыноктун ар бир чөйрөсүнө бекем көзөмөл орнотуп, башкы тескөөчү кылып эл аралык валюта корун дайындоодон көрөт. Швеция жана башка айрым өлкөлөр мындай чаралар финансы рыногун муунтуп салат деп эсептешет. Ал эми Германияга баарына баш-көз болгусу келген Франциянын дымагы көп жага бербейт.

Вашингтондогу саммитке БРИК ( Бразилия, Россия, Индия, Кытай) тобу да чоң пландар менен баратат. Алар баарыдан мурда азыркы кризисти өздөрүнүн дүйнөдөгү позицияларын бекемдөө үчүн пайдалангысы келишет. Эл аралык валюта корунун прогноздорунда эмдиги жылы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасында өсүш токтойт, ал эми БРИК тобундагыларда ал биртке басаңдаганы менен төмөндөбөйт деп айтылат. АКШда ички дүң продукция 0,7 процентке кыскарат.

Деген менен ондогон жылдар бою дүйнөлүк экономикага өз шартын таңуулап келген Кошмо Штаттары лидерлик ролун башкаларга оңой эле бере койбосу да калетсиз.

Байкоочулардын баамында Вашингтон саммитинде сунуш кылына турган чаралар азыркы кризиске каршы күрөшкө эмес, негизинен анын кайталанышын ооздуктоо максатына арналган сыяктанат. Неге дегенде эл аралык валюта кору, Базель комитети жана башка ушул өңдүү жалпы дүйнөлүк финансы институттарын радикалдуу негизде кайра түзүп чыгуу үчүн көп жылдарга созулган консултациялар керек болот. Алардын баарын Вашингтондо бир отуруп чечип салуу мүмкүн эмес.

Ошентсе да Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу “Вашингтон саммитинин үзгүлтүккө учураганга укугу жоктугун, ал чындап эле тарыхый жыйын болуп калганга милдеткер экенин” эскертип, жолугушууда “жалпы принциптер гана талкууланбастан, конкреттүү чечимдер да кабыл алынышы керектигин” белгиледи.

XS
SM
MD
LG