Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Евросоюз: энергетикалык коопсуздук планы


Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу
Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу

Европа комиссиясы энергетика чөйрөсүндөгү жаңы сунуштарын жарыялады. Документте шаркеттин аталган тармактагы коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу планы каралган.

Еврокомиссиянын планында мунайдын жана газдын запастарын көбөйтүү, шаркеттин бирдиктүү жаңы электр системасын түзүү сунуш кылынган. Документте айтылгандай, Түндүк жана Балтика деңиз бойлорунда, ошондой эле Атлантиканын жээктеринде иштеп же курулуп жаткан шамал парктары кошулуп, баары бир түйүнгө байланышы керек. Бул максат балтикалык өлкөлөрдүн инфраструктураларын жаңылап чыгууну да талап кылат.

Еврокомиссиянын планында “түштүк газ коридору” деп аталган долбоорго өзгөчө көңүл бурулат жана стратегиялык маанидеги курулуш катары аталат. Ал Евросоюзду келечекте Каспийдин алабынан, Борборазия өлкөлөрүнөн, ошондой эле Жакынкы Чыгыштан алына турган “көгүлтүр отун” менен камсыз кылууга тийиш. Планда “түштүк коридорун” кеңейтүү үчүн Россияны кыйгап өткөн эки газ куурун жаткыруу каралган.

Бул чаралардын баары Евросоюздун энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдейт, бул чөйрөдөгү коопсуздукту жакшыртат жана табигый отун экспорттогон өлкөлөргө катаң позициядан мамиле жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда документте Европанын рыногуна мунай-газ чыгарган тараптар менен алакаларды жакшыртуу жагы да белгиленет.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу отун экспорттогон өлкөлөр кээде өз милдеттенмелерин аткарбай калган учурлар болорун, жаңы план европалыктарды дал ушундай жагдайдан коргоо үчүн керектигин кошумчалады. Евросоюздун 27 өлкөсү ушу тушта мунайдын жана газдын 55 проценттин сырттан алат. Бул көрсөткүч 2030-жылы 70 процентке жетиши мүмкүн.Орустардын “көгүлтүр отуну” азыр жалпы керектөөнүн 30 процентин камсыз кылат. Ошол эле учурда Россиянын европалык керектөөчүлөрдөн көз карандылыгы да жогорулайт. “Биз камсыздоонун коопсуздугуна кызыкдар болсок, тышкы экспортчулар керектөөнүн коопсуздугуна кызыкдар.Эгер алар үзгүлтүксүз отун жөнөтүүгө кепилдик беришсе, биз аларга рынокту кепилдей алабыз”,-деп айтты Баррозу.

Шаркеттин мүчөлөрүнөн Германия Россиянын “түндүк агым” долбоорун колдоого алууда. “Түндүк агым” газ кууру Балтика деңизинин түбү менен өтөт жана Германияга келип бүтөт. Шаршемби күнү орус премьери Владимир Путин европалыктарга “түндүк агымдын” кереги жок болсо, Россия андан баш тартышы мүмкүн деп эскертти.

Бул учурда Бакуда бүгүн энергетикалык коопсуздук маселеси боюнча эл аралык жыйын ачылат. Азербайжандын, Грузиянын, Литванын, Польшанын, Турция менен Украинанын лидерлери Европага Россияны кыйгап газ жана мунай чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. АКШ делегациясынын өкүлү Бойден Грей региондогу өлкөлөрдү – Азербайжанды, Түркмөнстан менен Казакстанды - мунай жана газ керектөө Европада төмөндөбөй турганына, ушул себептен улам бул аймактын ресурстарына кардалдар арбын болоруна ишендирди.

XS
SM
MD
LG