Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Ы. Өмүрканов: Ректорлуктан баш тартпайм


Кыргыз улуттук университетинин ректору Ырысбек Өмүрканов өз кызматынан кетпеш үчүн болгон аракетин жумшай тургандыгын бүгүн маалымат жыйында билдирди. Билим берүү министрлиги 13-ноябрда коллегиясында аталган окуу жайдагы бир катар калпыстыктар үчүн ректорду кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялаган. Ы. Өмүрканов өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, укугун коргогону жатат. Университеттин бириккен профсоюздук комитетинин төрага орун басары Владимир Ивановдун айтымында, Өмүркановдун ишине бут тоскондор болууда. Бул жаңжал аталган окуу жай жамаатын жаатка бөлүп, профессордук-окутуучулук курамга кедергисин тийгизүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG