Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Мадумаровдун Москвага сапары бүгүн аяктайт. Кечээ А. Мадумаров Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Мадумаров сапарынын алкагында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа, Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромоданский менен жолугушту. Анын жүрүшүндө аскерий-техникалык кызматташтык, террорчулукка каршы күрөшүү, миграция жана башка бир катар маселелер козголду. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коопсуздук кеңешинин катчысы Мадумаровдун расмий өкүлдөр менен жолугушуусу кечээ аяктап, бүгүн ал бир катар мекемелерге барат. Ал эми кечинде Мадумаров Бишкекке кайтып келет. (MSu)