Облустук оорукананын башчысы Замир Мoмбеков жумуштан кетишинин себебин “Азаттыкка” айтпаганы менен, бул инсан жумуштан бошотулушу мүмкүн деген сөздөр мурда эле айтылып келген. Себеби облустук оорукананы Талас райондук оорукананын имаратына көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликтин демилгесине Момбеков каршы болуп, бул көптөгөн чыгымга турарын айтып келген. Андан кийин жакында эле финансылык полиция тарабынан облустук оорукана текшерүүгө алынган. (UA)