Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Нарында укук коргоочулардын коомдук кеңеши түзүлдү


Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн алдында түзүлгөн коомдук кеңештин курамына кирген 7 адам тең жарандык коомдун өкүлдөрү. Аталган кеңештин төрагалыгына “Демократия жана жарандык коом” үчүн биримдигинин Нарын обусундагы директору Эркин Асаналиев, теңтөрагалыкка “Аялдардын колунан баары келет” түйүнүнүн мүчөсү Гүлзат Нурмамбетова шайланды. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Бакыт Рысбековдун айтымында, аталган кеңешти түзүү максаты - облустагы адам укугун коргоону күчөтүү. Жаңы түзүлгөн бул уюм жыл аягына чейинки өзүнүн иш планын бекитти, алардын арасында Нарындагы Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн отчетун угуу дагы бар. (JI)

XS
SM
MD
LG