Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Жалал-Абат областтык бийлигинде медиа-өкүл институту жолугушуу өткөрдү


Ага облустагы журналисттерден тышкары бийлик, тартип коргоо, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн ыкмалары талкууланды. Медиа өкүл Илим Карыпбеков ММКларга тиешелүү 100дөн ашык доо арыз болгонун билдирди. Чет өлкөдөн баш паанек издеген журналисттердин арасында кылмыш иши мойнуна илинип, соттошкондору жок эмес. Уруп-сабалган калемгерлер болду. Тартип сакчылары батыштын буюртмасы менен жагдайды туура эмес көрсөтүүдө дешип, оппозициялык гезиттерди сындашты. Оппозиция элге күйгөнү үчүн бийликти сындап атканы, журналисттер көбүнэсе кызмат адамдары менен коррупциялашкан топтордун барымтасында калып, жеке амбициянын курмандыгы болгондугу тууралуу пикирлер айтылды. Медиа өкүлчүлүктүн ортомчулугу менен министр А.Жапаровдин “Агым” гезитине дооматы, бир чиновниктин «Де-факто» гезити менен болгон ич ара жаңжалы сотко жетпей чечилген. (YA)

XS
SM
MD
LG