Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 01:14

Афины жана Салоники шаарларында кечээ башаламандыктар улантылды


Грециянын бул эки шаарында жүздөгөн демонстранттар полицияга күйүүчү суюктук куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, дүкөндөрдүн айнектерин талкалашып, унааларды өрттөштү. Баш аламандыктар ишемби күнү полициячы өспүрүмгө ок ачып, анын натыйжасында бала каза тапкан деген маалымат тарагандан көп өтпөй башталган. Башаламандыктар учурунда көптөгөн демонстранттар камакка алынып, 40дан ашуун киши, анын ичинде 25 полициячы жаракат алган. Өспүрүмдүн өлүмүнө тийешеси бар деп эсептелген 2 полициячы тергөө иши бүткүчө камакка алынганы кабарланууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG