Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:01

ИИМдин аймактагы бөлүмдөрүнө жаңы унаалар берилди


Бүгүн тогуз УАЗ авто унаасын министр Молдомуса Конгантиев Ысык-Көл, Ош, Нарын жана Баткен облусунун күзөт бөлүктөрүнө, Талас облусунун убактылуу кармоо жайына жана Токтогул районунун Үч-Терек айылынын милиция бөлүгүнө тапшырды. Министр унааларды берип жатып бул милиция кызматкерлеринин оперативдүү иштешине шарт түзөт жана жасалган кылмышты изин суутпай табууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенерин билдирди. Бул туурасында ИИМден кабарланды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG