Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Жогорку Кеңеш УТРКнын Байкоочулар кеңешин шайлады


Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн УТРКнын Байкоочулар кеңешин 76 добуш менен бекитти. Ошону менен Айтиева Максуда , Актан Арым Кубат , Бөрүбаев Самат , Жакиев Бексултан, Ибрагимов Тынай, Ишекеев Назаркул, Карыбаева Мира, Кененсариев Ташманбет, Конкобаев Кадыралы, Сагымбаев Абдисамат, Турапов Керимберди УТРКнын Байкоочулар кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Бексултан Жакиев УТРК азыркы мезгилде жеңил эмес абалда экенин, андан Байкоочулар кеңеши парламент, эл менен биргеликте чыгууга аракет жасаарын билдирди. 11 кишиден турган Байкоочулар кеңеши жылына кеминде эки жолу жыйын өткөрөт. Ал УТРКнын бюджетин карайт, Башкы директордун маалыматын угат жана УТРКнын жетекчилигин кызматтан алуу маселесин президентке кое алат.(AiT)

XS
SM
MD
LG