Бул маселе бүгүн Тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен Франциянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Годар менен жолугушууда талкууланды. Эднан Карабаев Франциянын Тышкы жана европа иштери боюнча министри Бернард Кушнердин 2009-жылдын жазында болуучу визитин уюштурууга даяр экендигин билдирди. Жолугушууда андан тышкары эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташуусу талкууланды. (BD)