Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:31

Тышкы иштер министри Э.Карабаев бүгүн Өзбекстандын элчисин кабыл алды


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси З.Пулатходжаев менен үстүбүздөгү жылдагы эки тараптуу кыргыз-өзбек мамилеси жана кызматташуу багытындагы жыл жыйынтыгы, келерки жылдагы тышкы саясаттагы иш чаралардын пландарын талкуулады. Э.Карабаев акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү өскөндүгүн белгиледи. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну арттырууну мындан ары дагы активдештирүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)
XS
SM
MD
LG