Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 11:23

«Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын Баткендеги район-шаардык бөлүмдөрү жоюла баштады


Бул тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы Алтынбек Мисиралиев 18-декабрда «Азаттыкка» билдирди. Облустук төраганын айтымында, партиянын Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаардык уюмдары жоюлгандыгы тууралуу протоколдорун облустук бөлүмгө тапшырышты. Аталган бөлүмдөрдө жалпысынан 3,5 миң мүчөсү болгон. Баткен жана Лейлек райондору партиянын 12 миң мүчөсү менен азырынча эч кандай билдирүү берген жок. Бирок булар да жакынкы күндөрү өз чечимдерин чыгарышат, андан ары «Ак жол» партиясына бараар-барбастыгын партиялаштар өздөрү чечишет. (JsA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG