Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Нарын шаарынын мэри шайланды


Бүгүн Нарын шаардык кеңешинин кезексиз чакырылган отурумуна 28 депутаттын 27си катышты. Күн тартибине Нарын шаарынын мэрин шайлоо маселеси киргизилди. Президенттик администрациясынын инспектору Уран Ботобеков шаар жетекчилигине өлкө башчысы тарабынан эки талапкер сунуш кылынгандыгын маалымдады. Бирок Нарын облустук акимчилигинин башкы адиси 26 жаштагы Мирлан Дыйканбаев мэрлик кызматка жаштык кылаарын айтып, өз талапкерлигин алып таштады. Андан соң Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Чыңгыз Исмаилов шайлоо бюллетени даяр экендигин билдирип, добуш берүү башталды. Жыйынтыгында мурда Нарын шаарынын мэринин милдетин аткарып келген Алмаз Кулматовго 27 депутаттын баары макул деп добуш бергендиги жарыяланды. (KUs)

XS
SM
MD
LG