Мындай маалыматты Нарын шаарынын мэри Алмаз Кулматов бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү үчүн өткөргөн маалымат жыйында билдирди. «Нарын шаарынын жылуулук мекемеси ар жыл сайын 6,5 - 7 миң тонна көмүр керектеп келген экен. Биз келерки жылы от казандар аркылуу жылытууга көп кабаттуу дагы 14 үйдү, 5 административдик имаратты кошолу деп жатабыз. Ошондо болгону 5 миң тонна көмүр сарпталарын эсептедик. Учурда ашык жазылган 2 миң тонна көмүр боюнча тиешелүү органдар иликтөө жүргүзүүдө»,- дейт Нарын шаарынын жаңы жетекчиси. Ал ошондой эле Нарын шаарынын өнүгүшү үчүн атайын «Тобокел», «Шаарды өнүктүрүү» жана «Насыя алуучуларды колдоо» деген атайын корлор түзүлөөрүн билдирди. (KUs)