Орусиянын футбол федерациясынын билдиргени боюнча келээрки жылдын 17- 25 - январь күндөрү Москва шаарында КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн чемпиондорунун футбол боюнча он жетинчи Эл аралык Кубогу өтөт. “Динамо” спорт сарайында өтүүчү бул мелдешке Кыргызстандан беш жолку чемпион “Дордой - Динамо” командасы катышат. Эл аралык футбол боюнча аталган мелдештин финалдык бөлүгү 25-январда өтөт. (ES)