Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 05:28

Киевдин Москвага карызы талкууланат


Бүгүн Орусия менен Украинанын энергетика тармагынын жетекчилери Киевдин Москвага болгон газ карызын талкуулары күтүлүүдө. Орусиянын премьер-министри Владимир Путин кечээ телефон аркылуу Украинанын президенти Виктор Ющенко менен сүйлөшкөнүн, бирок Украина карызын төлөгүсү келбегендиктен тараптар макулдашууга жетишпегенин билдирди. Орусиянын газ монополисти “Газпром” эгерде Украинанын “Нафтогаз” компаниясы 2 миллиард доллар карызын төлөбөсө, 1-январдан тарта Украинага газ берүүсүн токтоторун билдирүүдө.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG