Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Бүгүн православ христиандары Ыйсанын туулган күнүн белгилей башташат


Православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн алынган маалыматка караганда, Ыйсанын туулган күнүнө арналган майрамдык алгачкы кызмат көрсөтүү бүгүн күндүзгү саат төрттө, андан кийин түнкү 12де жана таңкы сегизде болот. Муну менен православ христиан динин тутунгандар төрт жумага созулган ооз бекитүүсүн аяктап, бүгүн кечинде жылдыз көрүнгөндө гана сууга бышкан буудай же бал менен кошулган күрүч тамактан ооз тие алышат. Алар биринчи көрүнгөн жылдызды Ыйса жарык дүйнөгө келгенде Вифлеемге жарык чачкан жылдыз катары эсептешет. Ушул түнү православ христиандарынын патриархы Алексий экинчинин көз жумганга чейин жазып калтырган кайрылуусу окулуп, аны орусиялык телеканалдар түз алып көрсөтүшөт. (BD)

XS
SM
MD
LG