Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

Израил Газа тилкесиндеги чабуулун кеңейтти


Кабарларга караганда, Израилдин аскерлери бүгүн Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына чабуул жасап, Хамастын согушкерлеринин каршылык көргөзүүсүнө кабылган. Айгышкан атышуулар Газа шаарынын чет жакасында өткөн түнү да орун алган эле. Палестиналык дарыгерлердин айтымында, Израилдин чабуулу башталган он бир күндөн бери Газанын 560тан ашуун тургуну мерт болду. Улуттар уюмунун эсебинде, алардын төрттөн бир бөлүгү жөн-жай тургундар.

Ал эми Израил кечээ өзүнүн танкынан атылган октон үч аскерин жоготкон, муну менен азыркы урушта каза болгон жоокерлеринин саны сегизге жетти.

Бул аралыктар Франциянын президенти Николя Саркози кечээ Израил жана палестин лидерлери менен жолукканда ок атышууну токтотууга чакырды. Тынчтык миссиясын ал бүгүн Сирия жана Ливанга баруу менен улантууда.

Израилдин айтымында, Газадагы операциясынын максаты Хамастын согушкерлерин өлкө аймактарына ракета атуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

Бул аралыкта бүгүн Эл аралык Кызыл Чырым уюму Газа тилкеси азыр толугу менен гуманитардык кризисте экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG