Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды. Чудинов 14-январда Москвага барып, Орусия президенти Дмитрий Медведев, премьер министр Владимир Путин баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча жолугушуулардагы башкы тема Орусия убада кылган 2 млрд доллардын шарттары болду. 2 млрд. доллардын 300 миллиону бюджетти колдоого 40 жылга , калган 1,7 млрдю доллар инвестиция катары15 жылга берилерин мурда Чудинов парламентте кабарлаган. Маалыматка караганда кредиттин биринчи траншы Кыргызстанга быйыл келиши керек. (BuS)