Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, айрымдар жоромолдоп жаткандай Тышкы иштер министрлигине Социал-демократтардан эч ким барбасын билдирди. Анын айтымында, тышкы иштер министри кызматына кыргыз тилин жакшы билген, дипломатиялык кызматты жакшы түшүнгөн адам келсе дурус болор эле. Буга чейин бул кызматка оппозициядагы Социал-демократтардан Бакыт Бешимов же Роза Отунбаевалар келүүсү мүмкүн экендиги тууралуу жоромолдор айтылган эле. (IJz)