“Глобал Инвест” изилдөө компаниясынын чыгарган жыйынтыгы боюнча, декабрда Бишкек шаарындагы турак-жайлардын баасы 5 пайызга арзандаган. Учурда орточо эсеп менен алганда үйдүн бир чарчы метри 862 долларга барабар болгон. Ал эми 2007-жылы бул көрсөткүч миң доллардан жогору болгонун аталган компания жазып чыккан. Ал эми жаңы курулуп жаткан турак-жайлардын баасы да мурунку жылдарга салыштармалуу эки пайызга төмөндөгөн. (КЕ)