Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

К. Абдуллаева: Кадр саясатында өзбектердин укугу бузулууда


Оштогу өзбектердин улуттук-маданий борборунун жооптуу катчысы Карамат Абдуллаева мындай пикирин “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал жаңы түзүлгөн коомдук палата курамына өзбек диаспорасынын бир да өкүлү кирбегенине нааразыланып, бүгүн президент Курманбек Бакиевге ачык кат жолдогон эле. К. Абдуллаеванын айтымында, Кыргызстандагы өзбек эли президенттин саясатын дайыма колдоп келген. Президенттик жана парламенттик шайлоого өзгөчө аялдар жигердүү катышат. Бирок азыр парламентте бир да аял депутат жок. Башкаруу системасында да өзбектер дээрлик жок, дейт К. Абдуллаева. (EBM)

XS
SM
MD
LG