Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:06

Чегара аймагын жөнгө салууга арналган эл аралык конференция болот


Бүгүн Бишкекте Борбор Азияда чегара аймагын жөнгө салууга арналган эл аралык конференция өз ишин баштайт. Бул тууралуу Германиядагы Жорж Маршалл атындагы борбордун маалымат кызматынан билдиришти. Конференцияда Борбор Азиядагы мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана АКШ, Германиянын эксперттеринин катышуусунда чегара коопсуздугун камсыз кылуу жана региондор аралык ишти жөнгө салуудагы кызматташтык маселелери талкууланат. Ошондой эле Кыргызстандын чегараны башкаруунун комплекстүү системасын түзүү боюнча улуттук стратегиясынын бетачары болуп, чегара кызматкерлерин даярдоо боюнча Новопокровкадагы борбор жана “Ак-Жол” чегара бекетинин иши менен таанышышат. (AJ)

XS
SM
MD
LG