Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Кыргыз өкмөтү Манас аба майданынан АКШ базасын чыгарат


Батыш жана орус маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Кыргыз президенти Курманбек Бакиев бул тууралуу бүгүн (3-февралда) Москвадагы маалымат жыйынында билдирди. Итар–Тасс кабар агенттигинин кабарчысынын суроосуна жооп берген Курманбек Бакиев бул кадамды экономикалык мүнөздөгү маселелерге жана америкалык аскердик база жергиликтүү коомчулукта терс резонанс жаратканына байланыштырганы айтылат. Азырынча кыргыз бийлигинин өкүлдөрүнөн бул кабарды тастыктоого мүмкүн болгон жок. Айрым серепчилер Орусиядан 2 миллиард доллардык инвестиция алууга талаптанган Кыргыз бийлигине расмий Кремл көмүскө ишаара көрсөтүп, АКШнын аскер базасын жабууну сунуштап жатат деп буга чейин айтып келген. Кыргызстандын Кант шаарынын чет жакасында Орусиянын аскер аба базасы да жайгашкан.

XS
SM
MD
LG