Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Кытайдан жана Өзбекстандан уулуу заттар ташылууда


Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын ага инспектору Маметжума Каракозуев «Азаттыкка» маалымдашынча, Кытайда жана Өзбекстанда даярдалган айыл чарба зыянкечтерине каршы пайдаланылуучу ДТТ (дихлор диферанил трихлорэтан) жана ГХЦГ (гекса хлоран гамма изомер) химиялык заттары Кара-Суу, Ош базарларында беймарал сатылууда. Анын кесепетинен адамдар рак, тукумсуздук оорусуна чалдыгуу коркунучу жаралды. Мындан тышкары наристелердин ара төрөлүшү да күтүлүүдө. Жергиликтүү бийлик чукул чара көрбөсө, жогорудагы химикаттар акырындап бүтүндөй элдин тукум курут болушуна да себепкер болушу ыктымал. Азырынча Оштогу мамлекеттик органдар жана адистер тынчсызданууга карата пикирлерин билдирише элек. (ATo)

XS
SM
MD
LG