Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШ аба-аскерий базасынын маалымат кызматынын өкүлү Демиен Пикардга шилтеме берип анын жардамчысы “Азаттыкка” билдирди. АКШ базасын чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтү бир тараптуу чечим кабыл алгандыгын 3-февралда Москвада президент Курманбек Бакиев билдирген. 4-февралда Кыргыз өкмөтү “АКШ менен Кыргызстандын макулдашуусунун түзүлүшүнө байланышкан 2001-жылдын 4-декабрындагы АКШ элчилигинин нотасына денонсациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жооп нотасы жөнүндөгү ” мыйзам долбоорун парламентке тапшырган. Парламенттин бул жумадагы жалпы сессиясынын күн тартибине долбоор кирген жок. (BuS)