Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан текшерилет


“Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында депутат Динара Молдошева 90-жылдары мыйзамсыз менчикке берилип кеткен балдар бакчаларын кайрадан карап чыгуу сунушу менен баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевге кайрылды. Депутаттын айтымында, өткөн жылы декабрь айында Жогорку Кеңеште мектепке чейинки билим берүү системасын изилдеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол изилдөөдө балдар бакчалардын 50 пайызы өз кезегинде мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган. “Биз жаңы бала бакчаларды салып акча коротуп отурбай ошолорду кайра кайтарып алуунун жолун карашыбыз керек”, - дейт Д. Молдошева. (КЕ)

XS
SM
MD
LG