Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Таш-Көмүр шаарында мушташтан бир бала каза тапты


Ага байланыштуу 8-класстын окуучусуна кылмыш кодексинин 97-беренесине ылайык “бейбаштык аракети менен адам өлтүргөн” деген күнөө коюулууда. Мындай маалымат 11-февралда Таш-Көмүр шаарындагы адам укугун коргоочу “Чинтамани” аттуу уюмдун төрайымы Валентина Галич менен баланын энесинен алынды. Алардын айтымында, окуя 9-февралда болгон. Тыныгуу маалында класска кирип келген 9-класстын окуучулары балдарды токмоктой баштаган. Алардан эки жылдан бери ыдык көрүп жүргөн 8-класстагы өспүрүм коргонуу максатында бычак шилтеген. Бычак 9-класстын окуучусуна тийген. Натыйжада бир үйдүн уулу көз жумуп, экинчи бала камалып, эки үй-бүлө кайгы тартып отурат, деп билдиришти алар. Өткөн аптада болгон облустук кеңешмеде былтыр балдар кылмыштуулугу беш пайызга өсүп, бейбаштык кылган 90 баланын көбү окубай жүргөнү жана ага өспүрүмдөр менен иш жүргүзөөр кызматкерлердин аз экени, мындай абалга социалдык-экономикалык жагдайлар да түрткү болгону баяндалган. (YA)

XS
SM
MD
LG