Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:26

И.Исаковго козголгон кылмыш иши аскердик сотто каралышы мүмкүн


Азыркы мезгилде кылмыш иши менен коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков жана анын адвокаты Азимбек Бекназаров таанышып бүттү. Бул тууралуу Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал Исмаил Исаковго коюлган айыптарга каршылыгын билдирген жүйөөлөрүн бүгүн жазып, Башкы прокуратурага тапшырат. Андан кийин прокуратура ишти Жогорку Сотко тапшырат. Өз кезегинде Жогорку Сот ишти кароону Аскердик сотко өткөрүп берүүгө тийиш. Анткени кылмыш иши боюнча жүрүп жаткандардын баары аскер адамдары. Мурунку коргоо министри жана коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаковго Балыкчыда аскерий мүлктүн жоголушу, аскердик майрамдарды уюштурууга каражат бөлдү деп айыпталууда. Ал эми Исаковдун өзү муну президенттин көрсөтмөсү менен жасалган саясий куугунтук катары баалоодо.(AiT)

XS
SM
MD
LG