Окутуу иш-чаралары 16-21-февраль күндөрү Ички иштер министрлигинин академиясында өтөт. Анда ИИМдин баардык аймактарындагы бөлүмдөрүнүн инспектор-психологдорун билимин жогорулатуу, алардын иштеринин натыйжалуулугун арттыруу, өздүк курамдын кесиптик-психологиялык даярдыгын камсыздоо, жаш кызматкерлерди иштин жаңы шарттарына көнүшүн жана жамааттка аралашып кетүүсүн шарттоо сыяктуу негизги маселелер каралмакчы. Бул туурасында ИИМден кабарланды. (EBM)