Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Саясий куугунтуктарга каршы комитет нааразылык чараларын баштайт


Бул тууралуу аталган комитеттин башчысы Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, учурда комитет өлкөдөгү укук коргоочуларга саясий куугунтукка туш болуп жаткандар тууралуу маалымат берүү суранычы менен кайрылууда. Жетиштүү маалымат топтолгон соң комитет иликтөө иштерине өтөт. Бул үчүн комитет атайын акцияларды өткөрөт. Комитет мүчөлөрү ушу күндөрү аны уюштуруунун жол-жоболорун тактап жатат. Топчубек Тургуналиев комитет бул күндөрү саясий негизде куугунтуктоого тушуккан оппозиционер Эркин Бөлөкбаевди коргоого алып жаткандыгын кошумчалады. Саясий куугунтуктоолорго каршы комитети 14-январда түптөлгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG