Жакында шарият мыйзамы киргизилген Сват өрөөнүндө өкмөттүн башкы өкүлү Кушал Хан машинасында баратканда алты жан сакчысы менен уурдалганын Ройтерс кабар агенттиги маалымдады. Талибдердин Сваттагы маалымат катчысы "Кушал Хан - биздин конок, ага чай берип, анан бошотобуз" деп билдирген. Пакистан бийликтери 16-февралда исламчылар менен Сватта шарият мыйзамын калыбына келтирүү тууралуу келишимге жетишкен.