Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Бөлөкбаевдин соту 26-февралга которулду


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевдин кылмыш ишин Биринчи май райондук соту 26-февралда карайт деп күтүлүүдө. Буга чейин сот отуруму ар кандай себептер менен бир нече ирет кийинкиге жылдырылган. Бөлөкбаев карикатуралар аркылуу президент Курманбек Бакиевдин беделине доо кетирди деп күнөөлөнүүдө. Партиянын кеңсесин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча баш прокуратура ушундай арыз менен сотко кайрылган болчу. Баш прокуратуранын аракетин куугунтук деп эсептеген партия лидери тагылган күнөөнү негизсиз деп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG