Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Бишкекте чечендердин “Барт” коомдук уюму аза күтүү күнүн белгилешүүдө


Кечээ Бишкектеги ингуштардын “Вайнах” коомдук бирикмеси И.Сталиндин чечен менен ингуштарды сүргүнгө айдаганынын 65 жылдыгын белгилешип, шейит кеткендерге куран окутуп, эскерүү иш чарасын өткөрдү. Бул тууралуу “Вайнах” коомдук бирикмесинин жетекчиси Алихан Божов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы чечендердин "Барт" коомдук бирикмесинин бир миңден ашуун мүчөсү, ингуштардын Вайнахында 300дөн ашуун мүчөсү бар. 1944-жылы 23-февралда И.Сталиндин көрсөтмөсү менен Чечен-Ингуш АССРи жоюлуп, күч менен 387000ге чукул чечен жана 91000 ингуш Кыргызстан менен Казакстанга көчүрүлгөн. Чечен-ингуштардан сырткары СССРдин батышындагы карачай, балкар, крым татарлары жана башка ондон ашуун улуттагы элдер өз жерлеринен Борбордук Азияга көчүрүлгөн. Сталиндин режими аларды басып кирген фашисттик армия менен кызматташкан деген айып астында алыска сүргөн жана алардын жалпы эсеби 1миллион 400 кишиден ашкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG