Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

24-февраль: Тарых барактары


Мундуз урусунан чыккан Хадир, түрктөрдүн Худай Назары жана башкалар чогулуп Кокон ханына каршы кутум уюштурушкан. Кутумчулар 1862-жылдын 24-февралдын түнү кокондук Малля ханды хан сарайда өлтүрүшкөн. Адамзат тарыхындагы биринчи лотерея оюну 1446-жылдын 24-февралында Бельгиянын Брюгге шаарында өткөрүлгөн.

I Пишпек уезддик жумушчу, аскердик жана дыйкандар кеңешинин курултайы 1918-жылдын 24-февралында өткөрүлгөн. Курултайда уезддеги Совет бийлигин таанып, советтик секцияларды уюштуруп, жер комитеттерин куруу сыяктуу маанилүү маселелердин ажаты ачылган.

Кокон хандарынын генеалогиясын чагылдырган «Тарих-и Шахрухи» кол жазмасында хандыкта жасалган төңкөрүш жана ага катышкан кыргыздар туурасында баалуу маалымат айтылат. Аталган кол жазмада 1862-жылдын 24-февралдын түнү хан сарайдагы кандуу төңкөрүштүн жасалыш жагдайы кабарланат. Орус аскерлери Үч Алматы, Токмок жана Аштекти басып алды деген кабарды уккан кокондук ханы Мала аларга каршы жортуул уюштурган.

Кокондуктардын колу Чимкент аркылуу Олуя-Ата, Үч Алматы жана Пишпекти аралап, акыры хандык аскерлер Коконго келген. Андан көп өтпөй мундуз уруусунун башчысы Алымкулдун катышы аркылуу жана андан хандын көзүн тазалоого макулдугун алган кыргыздардын мундуз урусунан чыккан Хадир, түрктөрдүн Худай Назары жана башкалар чогулуп Кокон ханына каршы кутум уюштурушкан.

Кутумчулар 1862-жылдын 24-февралдын түнү кокон ханын хан сарайда өлтүрүшкөн. Ал түнү Алымкул бул кутумга катышкандыгын жашырыш максатында үйүндө бекинип жаткан. Ошондуктан ал хандын сөөгүнө келип, жасакерлене ыйлап турган. Алымкул калкты өз тарабына тартып, такка отурууну самаган, деп айтылат кокон хандарынын генеалогиясын чагылдырган «Тарих-и Шахрухи» кол жазмасында.

Касым Тыныстановдун агартуу багытындагы жүргүзгөн ишмердиги ар кимге эле жага берген эмес. Айрыкча, агартуучу баштаган «Академиялык кечелер» аттуу театрлаштырылган көркөм адабият ийрими оппоненттердин активдүү аракетке өтүшүнө себеп болгон. Касым Тыныстановдун жетекчилиги менен жазылган «Академиялык кечелер» театрлаштырылып, коомчулук арасында колдоо таба баштаган маалда Аалы Токомбаевдин «Академиялык кечеси тууралуу» аттуу макаласы «Кызыл Кыргызстан» газетасынын 1933-жылдын 24-февраль күнкү санына жарыяланган. А. Токомбаевдин макаласы эки жазуучу ортосунда бир канча жылдарга уланган кайым айтышуунун бетачаары болуп берген.

СССР Жогорку Кеңеш Президиуму советтик дипломаттар үчүн 1941-жылы дипломатиялык рангдарды кабыл алган. Кыргызстандын Тышкы иштер комиссардыгы уюшулгандан кийин, СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1945-жылдын 24-февраль күнкү Жардыгына ылайык нарком Казы Дыйкамбаевге 2-класстагы Атайын жана Толук элчилик ранг берилген.

Адамзат тарыхындагы биринчи лотерея оюну 1446-жылдын 24-февралында Бельгиянын Брюгге шаарында өткөрүлгөн.

Рим папасы Григорий XII календарды реформалоо туурасында жардык жарыялаган. Жаңы реформага ылайык Никей Собору тарабынан 325-жылы кабыл алынган календардагы жаңылыштык жоюлуп, календарлык даталар 10 күнгө алдыга жылдырылган. Ошентип күн менен айдын теңелиш датасы катары 21-март менен белгиленген.

Петербург шаарында 1719-жылдын 24-февралында биринчи орус Кунсткамера музейи ачылган.

Атлантика менен Тынч океандарын кошкон Панама каналынын курулушу 1881-жылдын 24-февраль күнү башталган.
Америкалык аскерлер 1991-жылдын 24-февралында Иракка каршы согуш операциясын башташкан. Таң калыштуу согуш болгону төрт күнгө уланган.

Эдинбургдук доктор Иан Уилмур жетектеген врачтар койдун козусун клондоптур деген сенсациялуу жаңылык 1997-жылдын 24-февралында маалымдоо каражаттарында жарыяланган. Врачтар клон козуну америкалык ырчы жана актриса Долли Партондун урматына Долли деп аташкан.

Айтылуу араб саякатчысы Мухаммад ибн Батутта 1304-жылдын 24-февралында жарык дүйнөгө келген. Ал өмүрүн жалаң саякатчылыкка арнап, экватордун узундугун үч эсеге ашкандай 120 000 километр аралыкты кыдырууга үлгүргөн. Ибн Батутта мусулман дүйнөсүн жана аны менен коңшулаш өлкөлөрдү толук кыдырып, андагы көргөн-билгендерин кагаз бетине түшүргөн. Ибн Батуттанын Борбордук Азиянын географиясына байланыштуу баамдоолору бүгүнкү күндө да маанилүү маалыматтар топтомуна кирет.
XS
SM
MD
LG