Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

И.Исаковго байланыштуу иш Бишкек гарнизондук аскер сотуна өткөрүлдү


Бул тууралуу билдирген Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Коргоо министрлигинин жооптуу кызматында иштегендерге байланыштуу кылмыш иши тергелип-иликтенип бүттү. Анын жыйынтыгында экс-министр Исамил Исаковго Кылмыш кодексинин 304-беренеси “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, 316-беренеси “Шалаакалык”, 308-беренеси “ Бүджеттик каражаттарды мыйзамысз пайдаланганы” боюнча айып тагылды. Ал эми Коргоо министринин мурдагы орун басары Б.Югайга 304-берене “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, министрликтин башкы башкармалыгынын жетекчиси Т.Сатыбалдиевге 304-берене “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, №20636 аскер бөлүгүнүн командири Р.Эгимбаевге 316-берене “Шалаакылык”, анын орун басары Н.Каимовго 171-берене “Ишенип тапшырылган мүлккө ээлик кылуу же жок кылуу”, 166-берене “Шылуундук” боюнча айып тагылган. Учурда айыпталып жаткандар материалдар менен таанышып чыгышкандан кийин, кылмыш иши Бишкек гарнизондук аскер сотуна жөнөтүлдү, деп айтылат маалыматта. (AJ)

XS
SM
MD
LG